21:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өтөт

Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде көп тараптуу саясий консультациялар өттү. Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жетектеди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, консультациялардын жүрүшүндө 6-ноябрда Бишкекте өтө турган ТМУнун мамлекет башчыларынын 11-саммитине даярдык көрүү маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Катышуучулар саясий кызматташтыкты чыңдоо жана аймактык коопсуздукка коркунучтарга каршы туруу маселелерин да карашты. Жолугушуунун жыйынтыгында түрк элдеринин жалпы тарыхы, тили, маданияты жана каада-салттарынын негизинде көп тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгы ырасталды.

Эң көп окулган жаңылыктар