15:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн Бишкекте бош орундардын жана кесиптердин чоң жарманкеси өтөт

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкеге 100дөн ашык ишкана катышып, алар учурдагы бош орундарды сунуштап, иш берүүчүлөр менен түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Анда 4 миңге жакын бош орундар көрсөтүлүп, 30дан ашык окуу жайлары борбор калаанын тургундарына жана конокторуна квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берген билим берүү программаларын тартуулашат.

Жарманкенин алкагында ар бир адам өзүнүн күчтүү жактарын аныктоого жана ылайыктуу кесипти тандоого жардам бере турган кесипке багыт берүү тесттеринен өтө алат.

Иш-чара саат 11.00дө башталып, жумуш издеген же кесип тандоону пландаган ар бир адамга пайдалуу болот.

Белгилей кетсек, иш-чараны Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана DVV International Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору уюштуруп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар