18:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Президент Камчыбек Ташиевдин уулуна Өзгөндө жол салганына ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймураска Өзгөндөгү акы төлөнүүчү айланма жолдун курулушу үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолду куруп жаткан жеке компаниялардын арасында Таймурас Ташиевдин да фирмасы бар экенин оппозициялык журналисттер жазып чыгышкан.

Садыр Жапаров айланып өтүүчү жолду куруунун алдында министрлер кабинети менен канча каражат сарпталарын, бул каражатты кайдан табуу жана жолдун өзүн акташы үчүн канча убакыт талап кылынарын көпкө талкуулашканын белгиледи.

Президент мындай узак мөөнөттүү долбоорлорго мамлекеттин акчасын салуу туура эмес деп чечти.

Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да

 Президент, ошондуктан Таймурас Ташиев бул ишти ишенимдүү аткарып жатканын, анткени ал өлкөгө пайда алып келерин билет деп баса белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров мамлекет айланып өтүүчү жолду гана эмес, башка каттамдарды дагы жеке ишканалар курууга даяр болсо, аларга берүүгө даяр экенин белгиледи.

Алар Суусамыр — Арал Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 км, Алматы — Кемин — Ысык-Көл — 150 км, Бишкек — Кемин айланма жолу — 105 км, Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы — Узынагаш — Каракастек — Сураншы-Баатыр — Кастек — Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 км, Ош шаарынын айланма жолу — 35 км, Ноокатта 12 км жолдор бар.

Эң көп окулган жаңылыктар
2-октябрь, шаршемби