Коргоо министрлиги Кыргызстандын төрт облусунда аскердик лицей ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында аталган ведомствонун башчысы Бактыбек Бекболотов билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине 125 орун бош болгонуна карабай 850 бүтүрүүчү тапшырган.
Алдын ала лицейлер келерки жылы Нарын, Сүлүктү, Каракол шаарларында жана Баткен районунун Марказ айылында ачылат.