23:19
USD 86.20
EUR 91.64
RUB 0.89

Алгачкы «Ош-Нью-Дели» чартердик каттам ачылды

Ош эл аралык аэропорту Кыргызстан менен Индиянын кызматташтыгынын жаңы этабынын башталышы болуп калды. Өлкөбүздүн экинчи борборунда «Ош — Нью-Дели — Ош» алгачкы эл аралык чартердик каттамы ачылды.

Биринчи каттамда 180 жүргүнчү учуп кетти. Бул дагы жаңы багытка болгон кызыгууну көрсөтөт.

Белгилей кетсек, апта сайын шейшемби күнкү каттам транспорттук байланышты жакшыртууга гана эмес, эки тарап үчүн маанилүү болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого да багытталган.

Маршрут эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Ал эми келечекте анын үзгүлтүксүз болушун камсыз кылуу боюнча аракеттер пландаштырылууда. Бул Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өнөктөштүктүн мындан аркы өсүшүнө негиз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар