10:19
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтарып берүүдөн баш тартты

Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-сентябрдагы жалпы жыйынында качкын президент Аскар Акаевдин экс-президент макамына кайтаруу өтүнүчүн четке кагуу чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, 3-сентябрда Жогорку Кеңешке Аскар Акаевден экс-президент макамын кайтаруу боюнча кат келген. Кат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлүп, анын мүчөлөрү депутаттарга өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууну сунушташты. Эл өкүлдөрү комитеттин сунушун колдошту.

Эске салсак, Аскар Акаев өлкөнү 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдын 24-мартында үй-бүлөлүк, авторитардык жана коррупциялык бийликке каршы «жоогазын революциясы» деп аталган революциянын натыйжасында бийликтен кулатылган. Ошондон кийин А.Акаев Кыргыз Республикасынан чыгып кетип, андан бери Россияда жашап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар