19:24
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Депутаттар ЖМКдагы мазактоо, жалаа жабуу үчүн 100 миң сом айып салууну сунуштады

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде интернетте жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн айып салуу боюнча мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр күчүнө кирсе, жеке адамдарга жалаа жабуу жана мазактоо үчүн 1 миң эсептик көрсөткүч (100 миң сом), юридикалык жактарга 2 миң эсептик көрсөткүч (200 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

Бул түзөтүүлөргө депутат Исхак Масалиев каршы чыкты. Анын айтымында, жалган жалаа, кемсинтүүлөр жазасын алышы керек, бирок айып пулдар пропорционалдуу болушу керек. Ал белгилегендей, оор кылмыштар үчүн айыптар бир топ төмөн.

Депутат мыйзамды ишке ашыруу Маданият министрлигине жүктөлгөнүнө да нааразы.

«Маданият министрлиги сизге айып пул салат деп кандай элестетесиз? Мунун маданиятка эч кандай тиешеси жок. Анда бөлүмдүн атын өзгөртөлү же УКМКнын же ИИМдин бөлүмү кылып алалы. Ал эми Максүтовго (Маданият министри — Эскертүү 24.kg) генерал наамын ыйгаралы», — деди Исхак Масалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар