01:27
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Бишкекте аялын бычак менен жарадар кылган киши, жүрөгү кармап ооруканага түштү

Бишкекте 57 жаштагы киши аялын бычактап салганын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 4-сентябрда болгон. Милицияга борбордун Чимкент көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 59 жаштагы А.Г. боор аймагынан жаракат алган.

Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү аныкташты. Ал окуядан кийин жүрөгү кармап ооруканага түшкөн жабырлануучунун 57 жаштагы күйөөсү болуп чыкты. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны ооруканага коштоп барышкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча иш козголгон. Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар