05:46
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты 24.kg басылмасына Борбордук шайлоо комиссиясынан тастыкташты.

Эл өкүлү бүгүн, 30-августта өзүнүн өтүнүчү менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазды. Себебин көрсөткөн эмес.

БШК мүчөлөрү депутаттын арызын качан карай турганы азырынча белгисиз. Нуржигит Кадырбековдун өзү комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Эскерте кетсек, ал 22-августта «Ыйман» фондунун иши боюнча күбө катары УКМКга сурак берген.

Эң көп окулган жаңылыктар