Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Биринчи радиого берген маегинде жаңы салынып жаткан мектептердин абалы тууралуу айтып берди.
«Буга чейин билим берүү министрлиги мектептерди жабдууга акча бөлчү. Бул алардын жүгү болчу. Азыр аларды биз куруп, жабдып жатабыз. Баарын сатып алабыз, жада калса полдун чүпүрөктөрү, бор өөдө камсыздайбыз. Буга чейин мектептерди жабдууга аз акча бөлүнүп, эмеректерге гана жетээрин элдин баары билет. Анан кайсы бир депутат же демөөрчү белек кылган бир-эки компьютерге сүйүнүштү», — дейт Талант Иманакун уулу.
Анын айтымында, азыр Мамкурулуш химия, физика, эмгек кабинеттерин бардык керектүү нерселер менен жабдып, 20-30 компьютерге чейин сатып алат.