22:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутат мектептеги компьютерлерди ноутбукка алмаштырууну сунуштады

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы «Келечек үчүн билим берүү» долбоору боюнча каржылоо келишимин талкуулап жатышат.

Дастан Бекешовдун айтымында, компьютерлер эскирип, окуучулар аларды колдонбой директордун кеңсесине же бухгалтер бөлүмүнө барат.

"Менин оюмча, электрондук окутууга өтүп, электрондук окуу китептерин киргизип, окуучуларды планшеттер, ноутбуктар менен камсыздоо учуру келди", — дейт ал.

Ал эми депутат Аалы Карашев билим берүү министрин сынга алды. Ал белгилегендей, долбоор Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы тарабынан каржыланып жатат, ал 50 миллион доллардын жарымы гранттык, жартысы насыя.

«Дагы эле карызбы? Ага эмнени беребиз?», — деп суроо узатты Аалы Карашев.

Дагы бир депутат Искак Пирматов белгилегендей, карыз алуу жакшы эмес, бирок бул каражаттар билим берүү тармагына кетет, билим деңгээли көтөрүлүшү керек, антпесе өлкө эч качан шайлоолордо добуштарды сатуудан кутула албайт. Депутаттын пикиринде, билимсиз жарандар гана добуштарын сатат.

ЭӨАнын каражаттары 38 жылга берилет, анын ичинен 6 жыл жеңилдетилген пайыз менен 0,75% үстөк менен берилет. Долбоордун максаты — балдарды мектепке даярдоону өркүндөтүү жана мугалимдердин өнүгүшү, аны менен катар PISA эл аралык рейтингине чыгуу.

Эң көп окулган жаңылыктар