Кыргызстандын салык органдары жарандардын мүлк салыгын төлөө процессин жеңилдетүү үчүн күчөтүлгөн иштөө режимине өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери демейдегиден узагыраак иштешет: 29 жана 30-августта — 21.00гө чейин, 31-августта — 18.00гө чейин. Бул учурда салык төлөөчүлөр мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча кеңеш ала алышат.
Эскерте кетсек, транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана жер тилкелерине салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт.