22:33
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Камакка алынган блогер Адыл Акжол уулунун апасы кайрылуу жасады

Камакка алынган блогер Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сармаматова уулун камактан чыгарууну суранууда. Мындай видео кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда блогердин апасы уулуна массалык баш аламандык уюштурууга чакырган деген айып менен макул эмес. Ал белгилегендей, Адил Акжол уулу үй-бүлөсү менен Бишкекте ижарага алынган батирде жашайт.

«Анын эки кичинекей кызы бар. Ал жалгыз багуучу. Уулумду үй камагына чыгарууну суранам. Ал эч жакка кетпейт деп кепилдик берем. Балам СИЗОдо ден соолугуна нааразы болуп жатат», — деди Айнура Сармаматова.

Белгилей кетсек, буга чейин Адыл Акжол уулунун жактоочусу Назик Ажымаматова журналисттерге кылмыш ишин козгоого Айтурган Маматкулованын кайнатасы каза болгондон кийин видео маеги негиз болгонун билдирген. Анын айтымында, аталган маек YouTube сайтына жарыялангандан кийин башка адамдар WhatsApp тобун түзүшкөн. Бирок адвокат Адыл Акжол уулу бул чатта болгон эмес деп белгиледи.

УТРКнын мурдагы жетекчисинин орун басары августтун башында кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө 4-октябрга чейин СИЗОго камалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу» беренеси боюнча айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар