23:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордон 100 орун бөлүп берди. Кантип тапшырат?

Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн ЖОЖдордо гранттык негизде билим алуу үчүн 100 орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына бакалавриат программаларына өзбек, орус же каракалпак тилдеринде окууга абитуриенттер кабыл алынууда.

Документтер 24-августка чейин nurmatova.altynai@inbox.ru электрондук дарегине жөнөтүлүп, Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана рейтинг департаментине көчүрүлүшү керек: sh.eshqobilova@edu.uz . Документтердин тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында шилтемеде.

Толук маалыматты 0702756756, 0312662198 телефондору аркылуу алса болот.

Эң көп окулган жаңылыктар