20:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте чет элдиктерге ар кандай мыйзам бузуулар үчүн 742 миң сом айып салынды

Бишкекте төрт күн ичинде райондук милиция бөлүмдөрүнө 66 чет элдик жаран жеткирилген. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-августтан 14-августка чейин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана Бишкек ШИИБдин кызматкерлеринен турган мобилдик топтор чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу рейд өткөрүштү. Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жергиликтүү мыйзамдарды сактоо боюнча сунуштар берилди. Төрт күн ичинде жол инспекторлору жол эрежесин бузган мотоцикл же мопед айдап бара жаткан 12 чет элдик жаранды токтотушкан. Транспорт убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Мындан сырткары мыйзамсыз эмгек кылгандыгы үчүн 66 чет элдик жаран райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, алардын 14үнө протокол түзүлдү. Дагы 13 чет элдик жаранга өлкөдө каттоо жана жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салынды.

Төрт күн ичинде эле чет элдиктерге 742 миң сом айып салынды.

Эң көп окулган жаңылыктар