22:46
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жаңы окуу жылына карата 27 мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилет

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 1-сентябрга чейин 27 мектеп жана 13 бала бакчаны пайдаланууга берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин тизмесине биринчи жолу 431 билим берүү объектиси киргизилген. 1 миллиард 439 миллион сомдон ашык каражат каралган.

Алардын ичинен:

149 мектептин курулушуна — 844,4 млн сом;

87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого — 21,2 млн.;

78 мектепти капиталдык оңдоого — 226,1 млн.;

63 бала бакчанын курулушуна — 306 млн;

42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого — 11,8 млн;

12 бала бакчаны капиталдык оңдоого — 30 млн.

Аталган башкармалык биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ишке берилип, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоодон өткөнүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мектептеринде биринчи коңгуроо 2-сентябрда кагылат. Учурда 113 миңден ашык бала 1-класска кабыл алынды; электрондук каттоо 30-августка чейин уланат.

Эң көп окулган жаңылыктар