04:02
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Бишкекте 8-кабаттан секирип, өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-августта эркек киши борбор калаанын Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, жаранды куткарып калышты. Аталган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар