Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбандарынын күрөшүн көрүү үчүн Бишкекте фан-зоналар уюштурулду. Бул тууралуу мериядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-августунан 11-августуна чейин «Дордой Плаза» соода-оюн-зоок борборунда саат 22:00гө чейин, саат 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичирайонунун «Арбат» гүлбакчасында түз көрсөтүүлөр болот.
Октябрь районунда болсо, 5-августтан 11-августка чейин Ынтымак-2 сейил багынын амфитеатрында Париждеги оюндар көрүүчүлөргө тартууланат.
Ал эми Ленин районунда «Азия Молл» соода-оюн-зоок борборунда бүйүр кызыткан балбандардын күрөштөрүнө күйөрмандык кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Биринчи май районунун аймагында 6-августтан 11-августка чейин Т.Усубалиев атындагы аянтка LED экран аркылуу түз эфирлер күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин чагылдырылат.
«Урматтуу шаардыктар жана борбор калаанын меймандары! Келгиле, спортчуларыбызды чогуу колдойлу! Бул иш-чара баарыбыз үчүн унутулгус болуп, ар бир адам чоң спорттук майрамды сезүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз», — деп айтылат маалыматта.