22:07
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Садыр Жапаров киберкоопсуздугу жөнүндө мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам маалыматтык инфраструктурасынын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу жолу менен инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо максатын көздөгөн киберкоопсуздуктун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилөө максатында кабыл алынган.

Алсак, аталган мыйзам киберкоопсуздук системасынын негиздерин, киберкоопсуздукту камсыздоонун субъекттерин жана принциптерин, өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүнүн негиздерин, киберкоркунучтардын бирдиктүү базасын, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүүнүн тартибин, киберкоопсуздук аудитти ж.б. белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар