16:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. жеке баюу максатында уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышкан.

2024-жылдын 11-июлунда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

2024-жылдын 13-июлунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен М.Б.А. жана М.Б.Б. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш жасаган деген шек менен тергөө камак жайдын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар