10:07
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ысык-Көлдүн жээгинде унаа айдагандар жазаланды

Ысык-Көлдө айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айыпка тартылды. Бул тууралуу 24.kg агентигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Эскерте кетсек, интернетте видеонун автору жээкте токтоп турган Honda Fit унаасы тартылган видео таркаган. Жигиттер машинанын көлөкөсүндө жана кабинада уктап жатышат, аларды бир киши ойготуп, жээктен айдап кеткен. Видео 2-июлда Чок-Тал айылында «Бригантин» балдар лагеринин жээгинде тартылган.

Милиция айдоочуну таап, ага 15 миң сом айып пул салганын, эреже бузуу үчүн акы төлөнгүчө унаа айып жайга киргизилгенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар