06:25
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ысык-Көлдө чагылган тийип 250 баш кой өлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Жазы-Кечүү» жайлоосунда 7-июль күнү чагылган бир короо койго тийди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Чагылгандын кесепетинен 250 баш кой өлдү.

Окуя мурунку түнү, 7-июль күнү болгон. Үйүргө чагылган тийди. Кырсык болгон жерде Жарандык коргонуу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери маалыматтарды тактоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар