17:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аксыда мектеп окуучусуна чагылган тийип, каза тапты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жетинчи класстын окуучусу Нурдөөлөт Усупбековго чагылган тийип каза тапты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү тургундарга шилтеп тактады.

Алардын айтымында, министрликтин кызматкерлери издөө иштерине катышкан эмес.

Ар кандай булактар, Нурдөөлөт Усупбеков 18-майда малдарын карап келүүгө кеткен бойдон кайра келбегендигин, анын өлүк денеси 21-майда табылгандыгын кабарлашууда. Окуучу менен анын малын арчага тийген чагылган өлтүргөндүгү да айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума