Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти.Бул тууралуу мамлекат башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Президент сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.
Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы «Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу» болуп саналат.
Делегациянын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;
транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.