23:05
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров карындашы үчүн элден кечирим сурады

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, карындашы Лаззат Нуркожоеванын айланасындагы талкуулар боюнча үн катты.

— Жакындарыңыз өздөрүнүн жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо сиз менен кеңешеби, же сиз аларга эң жогорку мамлекеттик кызматыңызды эске алып, кандайдыр бир талаптарды коесузбу? Анткени буга чейин да Лазат Нургожоева соцтармакта унааларын, иштеген жеринин сүрөттөрүн жарыялап, талаш-тартыш менен коштолгон талкууларды жаратты эле?

— «Албетте, бир туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коем. «Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле» деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм.

Баягы элибиздеги «Күлгөнгө күлө жетем» деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм», — деди президент

Эске сала кетсек, Лаззат Нуркожоеванын колун суроо сунушу 24-июнда Оруу-Сай капчыгайында болгон. Ал жакка өлкө башчынын жээни сүйүктүүсү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагы менен учуп кеткен. Бул окуя калк арасында нааразылык толкунун жаратты. «Өлкө жетекчилеринин жакындары жана достору башкаларга үлгү болушу керек, тик учак жалдоо мүмкүнчүлүгү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ушундан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учактарды сатып алдыбы? Президент ысырапкорчулукту токтоткула », — деп жазышкан соцтармак колдонуучулар.

Эң көп окулган жаңылыктар