Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, укук таануучу, профессор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Автандил Арабаев 62 жашында чын дүйнө салды.
Ал жакында эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Илимий-изилдөө институтунун укуктук жана саясий изилдөөлөр борборун жетектеген.
Автандил Арабаев 125 илимий эмгектин, анын ичинде мамлекет жана укук теориясынын, конституциялык жана парламенттик укуктун проблемалары боюнча 5 монографиянын жана 4 окуу китебинин автору.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 25-июнда саат 17.00дө Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Тайгараев айылында болот.
24.kg редакциясы Автандил Арабаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.