Эртең, 20-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26.
Бишкекте түнкүсүн +19...+21, күндүз +33...+35 градус ысык.

