Эртең, 19-июнда күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +28...+33,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +30...+32 градус ысык.

