23:25
USD 87.25
EUR 89.39
RUB 0.86

Израиль —Палистина согушунун курмандыктарынын саны 37 миң 347ге жетти

Израилдин Газадагы агрессиясынын курмандыктарынын саны 37 миң 347ге жетти. Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Израилдин блокададагы Газа тилкесинде 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланып жаткан кол салууларынын натыйжасында каза болгон палестиналыктардын саны 37 миң 347ге жетти.

Акыркы 24 сааттын ичинде Израил армиясы Газа тилкесинин ар кайсы аймактарында үч жолу кыргын жасап, 10 палестиналыктын өмүрүн алды. Мындан тышкары дагы 73 адам жаракат алды, деп айтылат маалыматта.

Ошентип, Израилдин 7-октябрдан бери уланган кол салууларында каза болгондордун жалпы саны 37 миң 347ге, жарадарлардын саны 85 миң 372ге жетти, деп белгиледи Газанын Саламаттык сактоо министрлиги.

Каза болгондордун денелери дагы эле талкаланган имараттардын урандыларынын астында жана жол жээктеринде калууда. Тез жардам жана жарандык коргонуу топтору Израил күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам аларга жете албай жатышат, деп кошумчалады департамент.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG