11:38
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бүгүн Бишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд каттай баштады

Бүгүндөн тарта Бишкек — Балыкчы — Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу поезди каттай баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан поездде 232 жүргүнчү Балыкчыга чейин барышты. Курамда 9 вагон: 5 стандарттык, 1 люкс, 2 VIP жана 1 даана вагон-генератор камтылган.

Бул маанилүү иш-чарага карата «Тумар» радиосу «Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте «Биринчи смена поездде» программасын түз уктуруу уюштурду. Бул уктуруунун алкагында чакырылган ата мекендик жылдыздар жүргүнчүлөрдү концерттик номерлери менен кубандырып, популярдуу ырларды аткарышты.

Эскерте кетсек, 14-июндан 14-июлга чейин Бишкек-2 борбордук бекетинен жума, ишемби жана жекшемби күндөрү, андан соң 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай баштайт. Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да келет, кечкиси Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 станциясына саат 22:18де келет.

Эң көп окулган жаңылыктар