Чүй облусунун Садовое айылында коркунучтуу кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдирди. Кырсык 11-июнь күнү эртең менен болгон.
Кадрларда микроавтобус жолдун жээгинде токтоп, ага бир киши келип, жүк салгычты ачып жатканын көрүүгө болот. Бул учурда катуу ылдамдыкта келаткан унаа микроавтобусту сүзүп, адамды басып калган.
Анын кесепетинен микроавтобустка жүк жүктөп жаткан 37 жаштагы жаран окуя болгон жерде каза болгон. Дагы бир адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.