Орусия Кыргызстанга 121,4 тонна азык-түлүк берди. Гуманитардык жардам Россия Федерациясы тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү калкка акысыз берилди. Бул тууралуу Россиянын КРдагы элчилигинин Telegram-каналында жазылууда.
Маалыматка ылайык, Орусиядан Ош шаарына жалпы көлөмү 121,4 тонна өсүмдүк майы түрүндөгү азык-түлүк жардамынын кезектеги партиясы келген. Гуманитардык жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия Федерациясы тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү калкка бекер берилген.
Азык-түлүк жеткирүүгө Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун өкүлдөрү катышкан.
Эске салсак, бул БУУнун жардам иретинде Орусиядан Кыргызстанга жеткирилген азык-түлүктүн биринчи партиясы эмес. Апрель айында республикага Россия Федерациясынан 337,5 тонна байытылган уну, 60,7 тонна өсүмдук майы жөнөтүлгөн.