USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп күнөөлүү деп табылды

10:12, 31 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Нью-Йорктун калыстар тобу АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты 2016-жылдагы шайлоо алдында мурдагы порноактриса Сторми Дэниэлске төлөмдөрдү жашыруу үчүн бизнес документтерди бурмалаганы үчүн күнөөлүү деп тапты. АКШнын тарыхында биринчи жолу экс-президенттин кылмышка күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу бир катар чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Дональд Трамп

Жалпысынан ага 34 берене боюнча айып тагылган. Калыстар аны бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты. Жазаны судья Хуан Мерчан 11-июлдагы атайын отурумда аныктайт.

Сот залынан чыккандан кийин Трамп журналисттерге калыстар тобунун өкүмү аягына чыкпай калганын айтты. «Биз күрөштү улантабыз, акырына чейин күрөшөбүз жана жеңебиз. Анткени биздин өлкө тозокко айланды», — деди экс-президент.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика