03:03
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында эмне ачылаары айтылды

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Чыгыш автобекетинин имараты Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди.

«Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар