07:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча учак каттай баштайт

16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Өзбекстандын Silk Avia авиакомпаниясы тарабынан ATR 72-600 учагы менен аткарылат.

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу эки саатка созулат. Учуулар жумасына 3 жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар