14:20
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Электрондук каттоо аркылуу 1-класска 70 миң бала кабыл алынды

Кыргызстанда 28-майга карата 69 миң 919 бала электрондук каттоо аркылуу 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ош облусу — 13 926 бала катталды;

Жалал-Абад облусу — 13 956;

Чүй облусу — 10 956;

Баткен облусу — 8153;

Ысык- Көл облусу — 6291;

Нарын облусу — 3998;

Талас облусу — 3616;

Бишкек шаары — 6811;

Ош шаары — 2212.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. № 26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. № 13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

6. А.С. Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы — жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрсө, II этап — анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар