16:34
USD 87.45
EUR 90.05
RUB 0.85

Өкмөт кайсы чөптөн дары даярдоого тыюу салды? Тизме

Кыргызстандын аймагында аконит (Aconitum L) макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L) жана афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) түрлөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого жана жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салды. Мындай токтомду Министрлер кабинети 28-майындагы жыйынында кабыл алганы боюнча өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.

Эске салсак, 2021-жылы саламаттык сактоо министри Бейшеналиев коронавируска каршы акониттин тамырын дарылыкка колдонуп жатканын жана бул чөптүн тундурмасын даярдаганын айткан эле.

Эң көп окулган жаңылыктар