USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Ататүрк сейил багындагы объекттерди алуу иштери башталды

20:56, 28 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил бактын чыгыш тарабында жайгашкан объектилерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Малдыбаев көчөсү, 69 дарегинде узундугу 86 метр болгон тосмо демонтаждалууда. Мындан тышкары, 14 метр узундуктагы чатыр алынат.Жашоочулар № 104/1 дарегиндеги 4 кабаттуу үйдүн айланасындагы тосмону өз ыктыяры менен демонтаждоо иштерин башташты.

«Бул тосмо муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары сотко 41 доо арыз менен кайрылышкан», -деп айтылат маалыматта. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика