Эртең, 29-майда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18;
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12°, күндүз 21...23° жылуу болот.