Бишкекте 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык болот.
Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.