Кыргызстанда бүгүнкү күндө Индиянын, Пакистандын жана Бангладештин 24 миңге жакын жараны бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-майдагы жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.
Анын айтымында, алардын 11 миңи Индиянын, 12 миң 978и Пакистандын жарандары. Арасында 6432си студент, 4750сү иштегендер болуп саналат.
Эки жылдын ичинде 11 миң чет өлкөлүк жаран милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алган.