21:15
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ЖКнын комитет жыйынында депутаттар уруша кетти

Бүгүн, 27-майда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитовдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, катуу айтыша кетти.

Жыйында «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө «КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Султанбай Айжигитов эс алуу жайларына жер тилкелери да кирерин айтты. Ал эми Балбак Түлөбаевди Ысык-Көл облусуна инвестиция тарта албаган министрлер кабинетине жер сатууга жардам бергиси келген деп айыптады.

Ал эми Балбак Түлөбаев «Бул жерде жер сатуу боюнча эч кандай сөз жок. Кудай буюрса Каркырда чоң лыжа базасы курулуп жатат, 10 күндөн кийин Асманды куруп башташат, дагы башка объектилер болот. Чет элдиктерге сатып алууга уруксат берсек, эмнеси жаман? Биздин жарандар Түркия, Болгария, Греция жана башка өлкөлөрдөн мүлк сатып алышат. Араб мамлекеттеринин, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жарандары бизден мүлк сатып алса жаманбы? Аэропорттон баштап бир турист бул жерге миңдеген доллар таштап кетет. Бул объектилерди бул жерден эч ким алып кетпейт. Бирок жер сатылбайт. Бул Конституцияда жана Жер кодексинде жазылган», — деди Балбак Түлөбаев.

Эки дупутат айтышып жатып, Балбак Түлөбаев кесиптеши Султанбай Айжигитовго мекенин саткан деген айыптоосу үчүн сотко арыз менен кайрыла турганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар