15:07
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкекте балдардын тобу төрт өспүрүмдү сабап кетишти

Бишкекте чогулган белгисиз балдардын тобу төрт өспүрүмдү сабап кетишкен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Анын айтымында, окуя 25-майда борбор калаанын 12-кичи районунда болгон.

«№ 71 мектеп менен бала бакчанын ортосунан эки унаанын ичинен 9 бала чыгып, 4 өспүрүмдү сабап башташкан. Жабырлануучулардын жаагы сынган, катуу көгала, бет сөөгү сынган жана башка оор жаракаттарды алышкан», — деди окуянын күбөсү.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-майда жабырлануучулардын бири арыз менен кайрылган. Анын айтымында, бир күн мурун алты-сегиз бала аларга себепсиз кол салып, катуу сабап кетишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Укук коргоо кызматкерлери 19 жаштагы эки баланы аныктап, кармашып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Мушташтын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар