Эртең, 25-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Таласта түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 21...26,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14°, күндүз 22...24°