USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Ашхабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

16:37, 24 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда министрлер кабинетинин билдирди.

Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар.

Эске сала кетсек, Түркмөнстандын эл акыны жана философу Махтумкули Фрагиге арналган эбегейсиз парк комплексинин ачылыш аземи 2024-жылдын 17-майында президент Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда өткөн.

Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Парктын аймагында түркмөн акыны жана ойчулунун 60 метрлик эстелигинен тышкары чет элдик жазуучулардын 25ке жакын эстелиги орнотулган. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18