14:15
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ден соолук тууралуу кызыктуу фактылар

1. Адам көргөн түштөрүнүн 90 пайызын унутуп калат.

2. Күз менен салыштырганда жазында дем алуунун тездиги үчтөн бир эсе көбүрөөк болот.

3. Адамдын денесиндеги жылуулуктун 80 пайызы баштан чыгат.

4. 4 жаштагы бала күнүнө орточо эсеп менен 450 суроо берет.

5. Дене салмагынын 1 пайызына тең суу жоготкондо адам суусап, чөлдөй баштайт. Бул көрсөткүч 5 пайыздан ашса, эсин жоготуп, ал эми 10 пайыздан ашса, өлүп калуусу мүмкүн.

6. Сиз кызарган кезде ашказан да кызарат.

7. Адам — чалкасынан жатып уктаган жалгыз тиричилик ээси.

8. Өбүшкөн кезде адамдан экинчи бир адамга 278 бактерия берилет. Бир кызыгы алардын 95 пайызы коопсуз.

9. 3 айдан ашкандан кийин түйүлдүктө манжалар пайда боло баштайт.

10. Адам мээсинин сыйымдуулугу 4 терабайттан ашык.

11. Сологойлор менен салыштырганда, оң колу менен көп жумуш жасагандар 6 жылга узак өмүр сүрүшөт.

12. Эркектерге караганда аялдардын жүрөгү бат-баттан кагат.

Эң көп окулган жаңылыктар