Орусияда Кыргызстандын 411 миң 226 жараны бар. Буга чейин мигранттардын саны 800 миң адамдан ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 24 майда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандан келген мигранттардын саны боюнча Казакстан менен Түркия экинчи орунда турат. Ал жерде 65 миң жана 60 миң адам бар. АКШда 36 миң, Түштүк Кореяда 14 миң кыргызстандык жашайт.
Бакыт Дарманкул уулу башка өлкөлөрдө кыргызстандыктардын саны азыраак экендигин кошумчалады.