Франциянын Эсеп палатасынын төрагасы Пьер Московичи Олимпиада оюндарын өткөрүү өлкөгө канчага чыгаарын айтты.
"Биз азырынча Олимпиада оюндарын өткөрүүнүн так наркын биле элекпиз. Оюндардан кийин Эсеп палатасы өздөрү аудит жүргүзөт. Олимпиада үч миллиарддан беш миллиард еврого чейин болушу керек. Бул сумма биздин мамлекеттик карызыбызга чоң таасирин тийгизет деп ойлобойм, — деди Московичи France Inter радиосунда.
Эске салсак, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Медаль үчүн спорттун 45 түрү боюнча 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчү күч сынашат.
Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары да катышат. Учурда Кыргызстандын 13 олимпиадалык лицензиясы бар — Алар балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Үзүр Жусупбеков, Айаал Лазарев, ошондой эле сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана жөө күлүктөр Сардана Трофимова менен Илья Тяпкин жеңип алышты.