Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 24-майда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) учуп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибинин долбоорунда 12 маселе бар. Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кеңири форматта талкуулоо күтүлүүдө.
Мындан тышкары, жыйында саламаттыкты сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга тиешелүү бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда.
Делегациянын курамы:
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров;
Кыргызстандын Беларустагы элчиси жана КМШнын уставдык органдарындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Эрбол Султанбаев;
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Түркмөнстанга болгон иш сапардын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар дагы мерчемделүүдө.