19:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Таласта 9,5 тонна күйүүчү май мыйзамсыз сакталганы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Талас облусунун Ак-Калпак айылында күйүүчү-майлоочу майды (дизель отуну) мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан жалпы көлөмү 9,5 тоннага жакын дизелдик отун майы табылды.

Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз жүгү бар транспорт каражаты айып короо жайына токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар